Биология жана химия факультетинде “Ишеналы Арабаев – көрүнүктүү агартуучу” аталышындагы куратордук ачык сабак өткөрүлдү
Posted By: Admin Дата: 2021-12-06 14:02:21 Просмотров:7705

2021-жылдын 4-декабрында проф.М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын ага окутуучусу А.Т.Нурманбетова Б-1-21, Бб13-21, Бк-11-21 тайпаларына “И.Арабаев – көрүнүктүү агартуучу” аттуу темада кураторлук саат өттү. Анда Ишеналы Арабаевдин өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу студенттерге кыргыз жана орус тилдеринде маалымат берилди.

 Андан соң көрүнүктүү инсандын ысымын алып жүргөн окуу жайдын тарыхы,  жетекчилиги, түзүмдүк бөлүктөрү, ошондой эле биология  жана химия факультети туурасында студенттерге  университеттин маалыматтык сайтты аркылуу  маалымдалды. 

Кураторлук саатка кафедра башчысы, доц. б.и.к. С.К. Кендирбаева, доц.м.а., п.и.к. У.Ч. Сапарбаева ж.б. катышышты.

Анын жүрүшүндө студенттер куратордун суроолоруна жооп беришип, өздөрүнүн активдүүлүгүн көргөзүштү.   


Top