БИОЛОГИЯ ЖАНА ХИМИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН ПРОФ. М.М. БОТБАЕВА АТЫНДАГЫ БИОАРТҮРДҮҮЛҮК КАФЕДРАСЫНДА КАНДИДАТТЫК ДИССЕРТАЦИЯЛЫК ИШ ТАЛКУУЛАНДЫ
Posted By: Admin Дата: 2021-12-09 12:39:29 Просмотров:2729

2021-жылдын 3-декабрында биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында кеңейтилген №4 отурумунда Абдибаитова Апиза Абдирасулованын “Чаувай кен массивинин калдыктарынын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири” аттуу темадагы 03.02.08 – экология адистиги боюнча биология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациялык ишинин талкуусу болуп өттү.

Проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасы Д 06.20.605 диссертациялык кеңештин чечими менен жетектөөчү мекеме катары бектилген.

Кыргызстан түстүү металлдардын запасына бай өлкөлөрдүн катарына кирет. Тоо-кен өнөр жайлары алтын, калай, сымап, сурьма ж.б.у.с. кендерди жер-жерлерде иштетүүдө чыккан калдыктар чоң көлөмдө топтолуп, жаратылышка ар түрдүү деңгээлде өзүнүн терс таасирин тийгизип, бир катар көйгөйлөрдү жаратууда. Ошондой көйгөйлөрдүн бири,  Баткен областына караштуу Кадамжай районунун Чаувай айылындагы кен массивинин калдыктарынын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири болуп эсептелет жана ал азыркы мезгилдин экологиялык актуалдуу темасы.


Top