Биология жана химия факультетинде “Сени тааныгандар жашап жатканда сен тирүүсүн!” сахналаштырылган кече болуп өттү
Posted By: Admin Дата: 2021-12-16 10:55:53 Просмотров:2807

Ч. Айтматовдун жаркын элесине арналган сахналаштырылган кечеде ар бир тайпа жазуучунун “Ак кеме”, “Биринчи мугалим”, “Кылым карытар бир күн”, “Делбирим”, “Жамиля” аттуу чыгармаларынан театрлаштырылган инсценировкада өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Факультеттин чет өлкөлүк студенттери кыргыз жазуучунун өмүр баянын, чыгармаларын жакшы билгендиктери конкурстагы суроолордун жоопторунда жана чыгармаларын аткарууда көрүнүп турду.

Жеңүүчүлөр факультеттин грамотасы жана белектер менен сыйланышты. Мындан сырткары кечеде студенттердин Ч. Айтматовго арналган  ырлары окулду, дубал газеталары көрсөтүлдү жана ар кандай логикалык оюндар ойнолуп иш-чара кызыктуу өттү.

          


Top