Проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында «Гирудотерапия жөнүндө эмне билебиз?» студенттердин илимий ийрими өткөрүлдү
Posted By: Admin Дата: 2021-12-21 15:48:12 Просмотров:3958

2021-жылдын 16-декабрында биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында доцент А.О. Абдыкапарованын жетекчилиги менен «Гирудотерапия жөнүндө эмне билебиз?» аттуу темада студенттердин илимий ийрими өткөрүлдү. Кружок  Б-1-20, Бб-13-20  группаларынын студенттеринин катышуусунда даярдалган жана ага факультеттин окутуучулары, 1-3-курстун студенттери катышышты.

Ийримде гирудотерапия деген эмне, ал кайсы мезгилден бери жана кандай ооруларга каршы колдонулуп жаткандыгы тууралуу кеӊири маалыматтар студенттер тарабынан (зоолог адиси, гирудотерапевттер, косметологдор) даярдалган кыскача видео, презентация түрүндө берилди.

Ийримдин катышуучулары да активдүүлүгүн көрсөтүшүп Кыргызстанда гирудотерапия кандай өнүгүп жатат, ага көзөмөл жүргүзүлүп турабы, көбүнчө кайсы ооруларга, ошондой эле косметологияда колдонулушу тууралуу суроолор берилип, кызуу талкуу жаратты. Ийримдин соӊунда катышуучулар өз пикирлерин айтышып, ийрим жогорку деӊгээлде өткөрүлгөндүгүн белгилешти.


Top