Биология жана химия факультети мектеп мугалимдерине семинар өтүүдө
Posted By: Admin Дата: 2022-01-13 12:35:26 Просмотров:3472

2022-жылдын 10-январынан бери биология жана химия факультетинде мектеп мугалимдерине арналган  “Мектепте биология жана химия сабактарын окутууну жакшыртуунун жолдору” аттуу темада  36 сааттык семинар өтүлүп жатат.

Семинарга Кыргызстандын баардык аймактарынын мектеп  мугалимдери катышууда. Семинардын максаты: мугалимдерге биология жана химия сабактарын окутуунун инновациялык методдорун, практикалык жана лабораториялык сабактарды көрсөтүү, эсептерди чыгаруу, анимация ж.б.   мектептеги актуалдуу көйгөйлөрдү мугалимдер менен биргеликте жакшыртуу  жана көмөк көрсөтүү болуп эсептенилет. 

  1. “Титриметриялык анализ”   – химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору, А. Молдошев;
  2. “Табигый-илимий предметтерди окутууда компетенттүүлүк мамилени ишке ашыруу; химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын доценти, Б.Жакышова;
  3. “Химияны окутууда анимацияны колдонуу” химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору, Ж.Сагындыков;
  4.  “Мектепте STEM-сабактарды окутууну жакшыртуу”  -  жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору, Ч.С. Давлетова;
  5. “Генетикалык эсептерди чыгаруунун жолдору”, “Жынысты аныктоо”, “Гендердин өз ара аракеттенишүүсүндөгү тукум куучулук” жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын кафедра башчысы, проф.м.а.Г.А. Шаршеналиева.
  6. Биологияны окутуу каражаттар системасынын илимий-методикалык негизи – проф. М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын доценти, У.Ч. Сапарбаева;


Top