Биология жана химия факультетинин СЫЙМЫКТУУ студенти
Posted By: Admin Дата: 2022-03-17 10:36:55 Просмотров:3459

“Табигый-илимий билим берүү” багытынын “Биология” профилинин Бб-13-21 тайпасынын студенти Рахманалиева Миргул университеттин кадамын аттагандан тартып окуудагы жетишкендиктери менен бирге бир канча сыйлыктары, ийгиликтери, жетишкендиктерин сиздер менен бөлүшүүнү чечтик.

  • Инсандык өнүгүү студенттик клубунда “Биримдик” бөлүмүнүн жетекчиси болуп шайланды жана А. Салымбеков  Университетинде “Акыл ордо” таймашын өткөрүп, “Эс алуудан бир күн” аттуу видео тартып 1-орунга ээ болду.
  • Ч.Айтматовдун туулган күнүнө  арналган университеттин студенттик парламенти тарабынан уюшулган “Кыргыздын сыймыгы” аттуу конференцияда 1-орунга ээ болду жана  ”Мыкты доклад” наамына татыктуу болгон.
  • Кышкы каникул учурунда Ош обласынын Чоң Алай районунун Көк-Суу орто мектебинин 9-11-класстын окуучуларына “Инсандык өнүгүү” аттуу темада семинар өтүп, бүтүрүүчү класстар үчүн (21 окуучу) Жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө маалымат жана профориентация иштерин уюштуруп, “Секом” билим берүү мекемесинин тестирлөө китептерин (4 даана) мектепке белек кылган.
  • К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинде    Ч. Айтматовдун чыгармасы боюнча университеттер арасындагы конкурс уюштурган.
  • Университетибиздин факультеттер арасында өтүлгөн “Достук” интеллектуалдык оюнунда команда менен катышып 1-орунду багынтты.
  • 2021-жылдын 4-декабрда башталган «Манас»  күнүнө  арналган жумалыкта “Манас эпосундагы мекенчилдик идеологиясы” аттуу темада доклад жасап, грамотага ээ болду.
  • “Инсандык өнүгүү” студенттик клубунун “Биримдик” бөлүмү уюштурган 21 күндүк өзүн өнүктүрүү марафонуна катышып, 29,5 упай менен 2-орунга татыктуу болду. 
  • К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин филиалындагы  “Инсандык өнүгүү” клубунун жыл жыйынтыгында “Мыкты ыктыярчы” сертификатына ээ болду.

Мындан сырткары бүгүнкү кундө Рашид Бараталиевдин билимкана академиясында чет тили курсун окуп жатат.

 Бош убактысында ыр, аңгемелерди жазуу менен алектенет. Ч. Айтматовго  арналган ыр саптары

 

Алтын тамга калды тарыхта

Кайталангыс талант элең чындыкта.

Чыгармаңдын чырмалышкан мааниси

Буруп турат адамзаттык багытка.

 

Атадан калган туягың

Гулсарат күлүк тулпарың

Каармандардын табышмактуу тагдырын

Чеч албай тартам дайым убайым.

 

Дүңгүрөткөн дүйнөгө кыргыз атын

Эскирбес элес болду Чынгыз затың

Канча кылым өтсө дагы картайбайт

Адабиятка куруп кеткен пайдубалың.

 

Жүз жылды бир жаралчу алп талант

Чыгармаңдан тассар алган бак табат,

Чынгыз деген атты укса алыстан

Ар атуу кыргызмын деп мактанат.

 

Бүгүн турам бир өзүңдү эскерип

Ыр саптарым татыбайт сага тең келип,

Таштап кеткен ар бир баалуу мурасың

Калбайт го дейм эч убакта эскирип .

 

Биздин студент-биздин сыймык!


Top