Биоартүрдүүлүк кафедрасында студенттердин көчмө-практикалык сабагы болду
Posted By: Admin Дата: 2022-04-11 17:29:47 Просмотров:2350

2022-жылдын 8-апрелинде Э. Гареев атындагы ботаникалык багында биология жана химия факультетинин проф. М. М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын доценти Г.Дж. Сазыкулова тарабынан Б-1-19 тайпасынын студенттери үчүн «Геоботаниканын изилдөө методдору» дисциплинасы  боюнча студенттерге көчмө-практикалык сабак өтүлдү.

Практикалык сабак учурунда студенттер Кыргызстанда кездешкен жана башка өлкөлөрдөн интродукцияланып алынып келинген өсүмдүктөрдүн түрдүк курамы менен таанышып, байкоо жүргүзүп талкуулашты. Ботаникалык бакта калыптанган өсүмдүк биргелештиктеринин структурасын, флоралык курамын, өсүмдүк компоненттеринин тиричилик формаларын, жаш өзөчөлүктөрүн, өнүгүү фазаларын аныктоо методдору боюнча практикалык иштерди жасашты.Сабакка активдүү катышкан студенттер өсүмдүктөр боюнча окутуучуларга   кызыккан суроолорун берип, жооп алышты.  

Эми аткарылган иштин жыйынтыгын студенттер презентация жана отчет түрүндө тапшырышат. Замандын талабына ылайык ушундай формадагы сабактардын өтүлүшү студенттер үчүн зарыл экендиги далилденди.  


Top