Проф. М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында жазгы окуу-талаа практикасы жүрүп жатат
Posted By: Admin Дата: 2022-04-20 12:42:44 Просмотров:2434

Биология жана химия факультетинин проф.М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында 2021-2022-окуу жылында 550100 Табигый- илимий билим берүү багытынын “Биология профили, 520200 “Биология” багытында окуган  I-курсунун студенттери үчүн жазгы окуу-талаа практикасы башталды. Практика “Ботаника” жана “Омурткасыздардын зоологиясы” дисциплиналары боюнча пландаштырылган.

Окуу-талаа практикасынын максаты: теориялык билимдерин бышыктоо, илимге болгон жөндөмдүүлүктөрүн байытуу, табигый жаратылышты коргоого, сүйүүгө тарбиялоо, жаратылыш байлыктарына сарамжал мамиле жасоо жана калк арасында экологиялык тарбияны жергиликтүү берүү болуп саналат.

Окуу-талаа практикасын туура уюштуруу жана өткөрүү жогорку компетентүү биолог мугалимдерин даярдоонун жана калыптандыруунун негизги баскычы. Пландаштырылган окуу-талаа практикасынынын жетекчилери:

ага окутуучу Акжолтоева Р. - Бб-13-21 тайпасы;

доцент Сазыкулова Г.Дж. - Бк-11-21 тайпасы;

 доц.м.а. Кармышова Ү.Ж. - Б-1-21 тайпасы.

 Окуу-талаа практикасынын кесиптик максатына ылайык практиканы өткөрүү үчүн Чоң-Арык жапыз тоолуу жана адырлуу экосистемасы тандалып алынган. Бул экосистемага окуу-талаа практикасына барган студенттер адыр тоолорунун эрте жазда гүлдөөчү өсүмдүктөрүнүн вегетациялык мезгилине байкоо жүргүзүштү  жана өсүмдүк коомдоштуктары менен таанышышты.

Эрте жазда гүлдөөчү жоогазындардын, алтыганалардын, мистелердин гүлдөөсүнө визуалдык байкоо жүргүзүшүп, өз алдынча байкоо жүргүзүү иштери студенттердин чоң кызыгуусун жаратты жана теорияда алынган билимдерин практика жүзүндө бышыкташты.


Top