М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасы «Табият, инсан жана жан дүйнө» аталышындагы илимий-семинар уюштурду
Posted By: Admin Дата: 2022-04-21 10:25:26 Просмотров:2170

 24-апрелде биология жана химия факультетинде педагогика илимдеринин доктору, профессор, ардактуу академик, КР УИА корр.-мүчөсү Э. Мамбетакунов «Табият, инсан жана жан дүйнө» аттуу темада лекция  окуп берди. Аталган иш-чарага факультеттин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышышты.

Лектор табият-инсан-жан дүйнө алкагында  ой толгоолорун, ой корутундуларын ортого салды. "Табияттын сулуулугу, адамзаттын жан дүйнөсүнө гармония тартуулайт, тең салмактуулукту жаратат" деди Э. Мамбетакунов.

Лектор белгилегендей, тең салмактуулук бузулганда адамдын организминде түркүн оорулар пайда болот. Жаш муундарды, келечектеги кесип ээлерин окутуп-тарбиялоодо, инсанды ар тараптуу калыптандырууда орчундуу  мааниге ээ экендиги ж.б. ушул өңдүү маалыматтар аудиторияда кызыгууларды жаратып, натыйжада көптөгөн суроолор берилди. Илимий-семинардын жыйынтыгында позитивдүү маанайдагы  лекцияларды калк арасында жайылтуу зарылдыгын жаратты.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар лекторго ыраазычылыгын билдиришти.


Top