Проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында«Табият, инсан жана жан дүйнө» аттуу темада илимий-семинар
Posted By: Admin Дата: 2022-04-23 12:00:58 Просмотров:1105

Проф. М.М. Ботбаева атындагы 

биоартүрдүүлүк кафедрасында«Табият, инсан жана жан дүйнө» аттуу темада илимий-семинар  

24-апрелде биология жана химия факультетинде педагогика илимдеринин доктору, профессор, ардактуу академик, КР УИА корр.-мүчөсү Э. Мамбетакунов «Табият, инсан жана жан дүйнө» аттуу темада лекция  окуп берди. Аталган иш-чарага факультеттин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышышты. Лектор табият-инсан-жан дүйнө алкагында  ой толгоолорун, ой корутундуларын ортого салды. Табияттын сулуулугу, адамзаттын жан дүйнөсүнө гармония тартуулайт, тең салмактуулукту жаратат. Бул тең салмактуулук бузулганда адамдын организминде түркүн оорулар пайда болот. Жаш муундарды, келечектеги кесип ээлерин окутуп-тарбиялоодо, инсанды ар тараптуу калыптандырууда орчундуу  мааниге ээ экендиги ж.б. ушул өңдүү маалыматтар аудиторияда кызыгууларды жаратып, натыйжада көптөгөн суроолор берилди. Илимий-семинардын жыйынтыгында позитивдүү маанайдагы  лекцияларды калк арасында жайылтуу зарылдыгын жаратты.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар лекторго ыраазычылыгын билдиришти.

 

Описание: https://lh3.googleusercontent.com/E-P15KCCnuo5P4kHQ594Xbr_DgfZgyxnfjvMYwpQsEx9CWgbZMKILSkadlEnNVT9kNKbOql23qD3JRZf5Z8jpAbvxQqit0vdrGHFTOiiMBpaIIBI7ioBvOlGhQPd6v-4Oc0aY3Rv


Top