Биология жана химия факультети Органикалык айыл-чарба департаментинде ишембилик өткөрүштү
Posted By: Admin Дата: 2022-04-23 13:49:30 Просмотров:2376

“Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн ишке ашыруу максатында 22-апрелде биология жана химия факультетинин жетекчилиги астында Сокулук районунун Ново-Павловка айылындагы Органикалык айыл-чарба департаментине  ишембилик өткөрүп келишти.  Ишембиликке факультеттин деканы, проф. Чоров М.Ж., декандын орун басары, Г.С. Усенгазиева, доц.м.а. Сапарбаева У., ага окутуучулар А.Т. Нурманбетова, А. К. Боогачиевалар жана 520200 Биология адистигинин 1,3,4–курстарынын студенттери катышышты.

Департаменттин директору С. С. Турсуналиев, биотехнологияны өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Ж. Нурдинова, бөлүмдүн начальниги Е.В. Кострубова  лабораторияларда  өндүрүлгөн биопрепараттар жана энтомофагдар менен  тааныштырып,  экскурсия жүргүзүлүп, студенттердин кызыгуусун жаратты.

Органикалык айыл-чарбасын өнүктүрүү – бул айлана-чөйрөнүн бүтүндүгүн жана адамзаттын саламаттыгын камсыз кыла тургандыгы жөнүндө талкуулоодо студенттер теорияда алган билимдерин практикада колдонуу зарыл экендигине күбө болушту. Иш-чаранын жыйынтыгында тегерек столдо эки тараптуу меморандум түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, кызматташтыктын келечектеги план-проспектиси түзүлдү.


Top