Биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын окутуучулары “Онлайн симуляциялык лаборатория” курсуна катышып, сертификатка ээ болушту
Posted By: Admin Дата: 2022-04-28 00:03:35 Просмотров:2756

 

Биоартүрдүүлүк кафедрасынын профессордук окутуучулар курамы “Онлайн симуляциялык лаборатория” аттуу 72 сааттык курсунан квалификацияларын жогорулатышып, жыйынтыгында сертификатка ээ болушту.

Курсту “Burana STEAM College & Online university” лектору Мирланов Элдияр өтүп, биология, химия дисциплиналары боюнча заманбап МТК, тактап айтканда анимациялык жана 3D сабактарды колдонуп өтүүнүн ыкмаларын, өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Ар бир окутуучу өздөрү берген дисциплиналар боюнча симуляциялык сабактарды даярдап лекторго көрсөтүү менен алган билимдерин практика жүзүндө бышыкташты.

Соңунда курстун катышуучулары сабактарды ушундай методдор менен өтүүнүн актуалдуулугун, зарылчылыгын белгилешип лекторго ыраазычылыгын билдиришти.

 


Top