Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын окутуучулары С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде болушту
Posted By: Admin Дата: 2022-05-10 13:45:08 Просмотров:2273

КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-2023-жылдарга карата билим берүү жана илим тармагын өнүктүрүүгө багытталган үч жылдык программасынын алкагында билим берүү жана илим системасын жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүүгө, мугалимдин статусун жогорулатууга, билим берүү көйгөйлөрүн чечүүгө коомчулукту тартууга өбөлгө болуучу шарттарды түзүү жана географиялык жайгашуусун эске алуу менен жаштардын жогорку билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн теңдештирүү максатында 28-29-апрелде биология жана химия факультетинин жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессорлору  Ч.С. Давлетова жана Г. А. Шаршеналиева С. Нааматов атындагы НМУнун профессордук-окутуучулар курамына жана студенттерге конок-лекция окушуп келишти.

Мындан сырткары  С. Нааматов атындагы НМУнун «Табигый илимдик билим берүү» кафедрасынын доценти б.и.к. Н.И. Ибраева менен бирдикте  түзүлгөн программанын алкагында Нарын областынын баардык райондорунун жалпы билим берүүчү орто мектептердин мугалимдерине “SТЕМ сабактарынын келечеги жана көйгөйлөрү” аттуу темада семинар өткөрүштү.

Ч. С. Давлетова “Эволюциянын теориясы”, “Адамдын жана жаныбарлардын физиологиясы” дисциплиналары боюнча “Эволюциянын синтезделген теориясы”, “Эндокриндик системанын физиологиясы” аттуу темада лекция окуду жана азыркы кездеги биология илимдеринин өнүгүүсү тууралуу талкуулар болду.

Г.А. Шаршеналиева “Генетика”, “Гендик инженерия” илимдеринин бүгүнкү күндөгү жетишкендиктерин баса белгилеп, “Аллель эмес гендердин өз ара аракетенишүүсү”, “Жынысты аныктоо жана анын өөрчүшүнө тийгизген таасирлери” жана “ДНК тукум куучулуктун материалдык негиздери” аттуу темада лекция окулуп, жыйынтыгында суроо-жооп иретинде угучуулардын кызыгуусун арттырды жана лекторлорго Нарын мамлекекттик университет тарабынан ыраачылык билдиришти.


Top