Биология жана химия факультети 22-май “Эл аралык биоартүрдүүлүк күнүн” өткөрдү
Posted By: Admin Дата: 2022-05-24 15:46:46 Просмотров:3152

21-майда И.Арабаев атындагы КМУнун биология жана химия факультетинин проф. М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасы 22-май “Эл аралык биологиялык ар түрдүүлүк” күнүн университеттин илимий китепканасында Органикалык айыл-чарба департаменти менен биргеликте “Кыргызстандын биоартүрдүүлүгүн  сактоо жана органикалык айыл-чарба” аттуу темада тегерек стол өткөрдү. 

Иш-чараны ЭлТР телеканалына интервью берүү менен факультеттин деканы, проф.  М.Ж. Чоров ачты.

КР Айыл-чарба министрлигинин алдындагы Органикалык айыл-чарба департаментинин директору С.С. Турсуналиев куттуктоо сөзү менен бирге 2 тараптуу келишимге кол коюлуп, видеороликтер менен коштолду.

            Тегерек столгоп.и.д., профессор, Абай ат. Казак Улуттук педагогикалык университетинин биология кафедрасынын профессоруЖ.Б. Чилдебаев, республикабыздын жогорку окуу жайларынынокутуучулары (С. Нааматов атындагы НМУ, ОшМУ, ЖАМУнун Таш-Көмүр инженердик-педагогикалык факультети, Талас аймактык айлана-чөйрөнү коргоо жана токой экосистемаларын өнүктүрүү башкармалыгы), Каратал-Жапырык мамлекеттик жана Ысык-Көл мамлекеттик Биосфералык коруктарынын адистери, факультеттин магистранттары, студенттери жана бүтүрүүчүлөрү катышышты.

Профессор Ж.Б. Чилдебаев куттуктоо сөзү менен бирге“Казахстан жагдайында биоартүрдүүлүктү сактап калуу иш-чаралары” аттуу темада онлайн-доклад жасады.

Тегерек столдун жүрүшүндө Органикалык айыл-чарба департаментинин  адистери  Органикалык айыл-чарбасынын мүмкүнчүлүктөрү, принциптери , биотехнологияны колдонуунун өзгөчөлүктөрү жана мааниси тууралуу баяндама жасашты.  

Жогоруда белгиленген ЖОЖдордун жана мекемелердин адистери онлайн катышышып, докладдарын презентациялашты.

Факультеттен п.и.к., доцент А.О. Абдыкапарова “Саранчалар – айыл-чарбасынын зыянкечтери” жана бүтүрүүчүсү Кудайбергенов Акуул  “Бишкек шаарынын эмен дарагынын зыянкечтери” аттуу темаларда тууралуу кызыктуу баяндама жасашты.

Тегерек стол доклад жасагандарга университеттин сертификатын тапшыруу аземи  менен жыйынтыкталды.


Top