КМУнун Биология жана химия факультетинде И.Арабаевдин 140 жылдыгына карата илимий ийрим өттү
Posted By: Admin Дата: 2022-11-04 09:48:16 Просмотров:2613

3-ноябрда И.Арабаевдин 140 жылдыгын утурлай, Биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында п.и.к., доц.м.а. У.Ч. Сапарбаеванын жетекчилиги астында 2-курстун Бб-13-21, Бк-11-21 жана Б-1-21 группаларынын студенттеринин катышуусу менен “Икебана жасоо чеберчилиги” аттуу илимий ийрим өткөрүлдү. Ийримге университеттин Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору, доцент Жайна Садыкбек кызы, факультеттин деканы, проф. Чоров М.Ж., кафедра башчысы, доцент С.К. Кендирбаева жана окутуучулар, студенттер катышышты.
Теманын алкагында талкуу жүргүзүлдү. Табият менен таттуу мамиледе болуп, ар бир инсандын жүрөгүндө сулуулукту, жаратылышка болгон сүйүү сезимдерин жаратуу максатында өткөрүлгөн ийримдин жүрүшүндө түрдүү икебана жасоо аркылуу адамдарга эстетикалык маанай тартууланды. Ийримди алып барган Рахманалиева Миргүл адамдардын жан дүйнөсү менен жаратылыштын ортосундагы мамилени чагылдырган өзүнүн автордук ыры окуду.
Ошондой эле ийримде икебананын жаралуу тарыхы, жасоо принциптери жөнүндө Ясырова Марина, Мелисбек к. Ширин доклад окуп, слайддар презентациялашты. Мухтаров Кутман “Адам, асман жана жер” багытында икебананы жасап көрсөтүүнүн эрежелери менен тааныштырды.


Top