Биология жана химия факультетинде флора боюнча адистештирилген практиканын отчеттук конференциясы өткөрүлдү
Posted By: Admin Дата: 2022-12-09 13:51:04 Просмотров:1826

И.Арабаевдин 140 жылдыгына карата 7-декабрда биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында 520200 биология багытында окуган 4-курсунун Б-1-19 тайпасына 12.09.-05.11.2022 убакыт аралыгында өтүлгөн флора боюнча адистештирилген практиканын жыйынтык отчеттук конференциясы өткөрүлдү. Иш-чарага университеттин практика боюнча жетекчиси Нурпаис Баястанов, факультеттин деканы Маматкан Чоров, профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө Б-1-19 тайпасынын студенттери практика учурунда уюштурулган иш-чаралар, мамлекеттик коруктарга, Ысык-Көл биосфералык аймагына, Э. Гареев атындагы ботаникалык бактарга, КР Улуттук илимдер академиясына ж.б. мекемелерге жасалган экскурсия тууралуу маалымат беришип, катышуучулардын кызыгууларын арттырышты. Натыйжада көптөгөн суроолор жаралып, кызуу талкуу болду.


Top