М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында “Чыңгыз Айтматов жана табият” аттуу куратордук саат өтүлдү
Posted By: Admin Дата: 2022-12-13 10:41:31 Просмотров:1862

12-декабрда биология жана химия факультетинин проф. М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын доц. м.а., п.и.к., У.Ч. Сапарбаева, ага окут. А.Нурманбетованын жетекчилиги астында 2-4-курстун студенттери менен бирге улуу агартуучу И. Арабаевдин 140 жылдыгына карата жана заманыбыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган “Чыңгыз Айтматов жана табият” аттуу куратордук саат өткөрүштү.

Куратордук сааттын башында студенттер Ч. Айтматовдун өмүр баянын кыскача баяндап беришти. Иш-чаранын жүрүшүндө куратордук саатта студенттер Толгонай менен Жер эненин сыр бөлүшүүсү чагылдырылып, көркөм окуу, жазуучунун чыгармалары чагылдырылган обондуу ыр (“Махабат дастаны” с.о. С. Бейшекеев) жана табышмактарга орун берилди.

Бб-13-21 тайпасынын студенти Рахманалиева Миргүл Ч. Айтматовго арнап чыгарган “Кыргыз сыймыгы Чыңгызга” аттуу автордук ырын көркөм окуп берди:

 

Алтын тамга атын калдың калды тарыхта

Кайталангыс талант элең чындыкта

Чыгармандын чырмалышкан мааниси

Буруп турат адамзаттык багытка.

 

Атадан калган туягың

Гүлсарат күлүк тулпарың

Каармандардын табышмактуу тагдырын

Чече албай тартам дайым убайым.

 

Дүйнөгө дүңгүрөткөн кыргыз атын

Эскирбес элес болду Чыңгыз затың

Канча кылым өтсө дагы картайбас

Адабиятка куруп кеткен пайдубалың.

 

Жүз жылда бир жаралчу алп талант

Чыгармаңдан таасир алган бак табат.

Чыңгыз деген атты укса алыстан

Ар бир атуул “кыргызмын” деп мактанат.

 

Соңунда жазуучунун чыгармаларында чагылдырылган экологиялык көйгөйлүү маселелер тууралуу  окутуучулар жана студенттер арасында бүйүр кызыткан талкуу болду.

 


Top