Биология жана Химия факультетинде И. Арабаевдин 140 жылдыгына карата илимий семинар өттү
Posted By: Admin Дата: 2022-12-21 10:01:28 Просмотров:2317

13-декабрда биология жана химия факультетинин проф. М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында И. Арабаевдин 140 жылдыгына карата “Злаки Кыргызстана” аттуу илимий семинар өттү. Анда КР УИА Биология институтунун флора лабораториясынын ага илимий кызматкери, б.и.к. Усупбаев Адилет Кыдыкбекович Кыргызстандын дан гүлдүүлөрү тууралуу баяндама жасады. Аталган иш-чарага факультеттин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышышты.

Семинардын максатына ылайык баяндалган Кыргызстандын дан гүлдүүлөрүнүн түрдүк курамы, систематикасы, таралышы, жаңы ачылган түрлөрү, учурдагы абалы ж.б. маалыматтар аудиторияда кызыгууларды жаратып, натыйжада көптөгөн суроолор берилди.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар лекторго ыраазычылыгын билдиришти.


Top