Биология жана химия факуьтетинин студенти Рахманалиева Миргуль “Лучший студент - СНГ” наамына ээ болду
Posted By: Admin Дата: 2022-12-26 11:26:45 Просмотров:3041

Биология жана химия факультетинин 2-курсунун Бб-13-21 тайпасынын студенти Миргүл Рахманалиева 26-ноябрда Астана шаарында өтүүчү “Лучший студент -СНГ” Эл аралык конкурсунда I даражадагы диплом жана төш белги менен сыйланды. Сыйлыкты И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, проф. м.а. Айгүл Абдраева алгачкы агартуучу-илимпоз И.Арабаевдин 140 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция аземинде ыйгарды.  Миргүл сабактагы жетишүүсү жана ар кандай республикалык коомдук иштерге активдүү катышуусу менен буга чейин да көптөгөн сыйлыктардын ээси: “Инсандык өнүгүү” студенттик клубунун “Жылдын мыкты ыктыярчысы” номинациясынын жеңүүчүсү, “Лучший студент РК” Эл аралык сынагынын жеңүүчүсү (төш белги, диплом) (Казахстан, Астана 2022). “Кыргызстандын эң мыкты студенти 2022” республикалык сынагынын жеңүүчүсү, (II даражадагы диплом, төш белги, китеп, ректордун стипендиаты (2022-ж.) ж.б. Миргүлдүн сыйлыгы, университеттин сыймыгы! Миргүлдөн келечекте Кыргызстандын желегин желбиреткен, университеттин, факультеттин атагын чыгарган, мыкты педагогду көрө алабыз.


Top