И. Арабаев атындагы КМУнун география, экология жана туризм факультети 23- февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата майрамдык иш- чара өткөрдү. Аталган иш чараны факультеттин окутуучусу Сабыркүл Ниязова уюштурду.
Майрамдык иш- чарада студенттер атайын даярдаган концерттик программасын тартуулашып, көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрүштү.
Иш- чарага окуу жайдын Жаштар саясаты жана спорттук иштер боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, жаштар бөлүмүнүн башчысы Азамат Айдаров, окутуучулар, студенттер катышышты. 23- февралга карата майрамдык иш-ч аралар КМУнун башка институт, факультеттеринде да өткөрүлдү.