Экология жана туризм кафедрасында доц.м.а., б.и.к. Г.С. Садыкованын уюштуруусу астында «Экология жана жаратылышты пайдалануу багыты» боюнча ЭПк-1-19 жана «География» багыты боюнча Гб-1-19, Гк-1-19 группаларынын студенттери «Бишкексууканал» ӨЭБна караштуу Пригородное айылында жайгашкан «Тазалоочу курулуштар» ишканасында көчмө сабак өткөрүштү.
Сабакка ЭжТКнын ага окутуучусу Сеитова М.У. жана ГжОТКнын ага окутуучусу Кожогелдиев Т.А. да жетекчилик кылышты.
Сабакта 3-курстун студенттери саркынды сууларды механикалык жана биологиялык тазалоо, зыянсыздандыруу, активдүү ылайды колдонуу ыкмалары менен кеңири таанышып кайтышты.