Илим күнүнѳ карата «Кыргызстандын туруктуу ѳнүгүүсүнүн контекстинде география, экология жана туризм боюнча учурдагы актуалдуу маселелери» аталышында илимий иш чара ѳткѳрүлдү
Posted By: Admin Дата: 2022-11-01 10:53:53 Просмотров:1809

Бүгүн, 1-ноябрда КМУнун География, экология жана туризм факультетинде Илим күнүнѳ карата «Кыргызстандын туруктуу ѳнүгүүсүнүн контекстинде география, экология жана туризм боюнча учурдагы актуалдуу маселелери» деген аталыштагы илимий иш чара ѳткѳрүлдү.

Иш чарада География жана аны окутуунун технологиялары кафедрасында доценттин м.а., философия доктору Жалилова Г.Н. «Жашыл экономика: Кыргызстанда күрүч ѳндүрүү» деген темада лекция окуду.

Мындан сырткары География, Экология жана жаратылышты пайдалануу, Туризм багыттары боюнча билим алган студенттер Кыргызстанда кардарлардытейлѳѳнүн кѳйгѳйлѳрү жана сапатын жакшыртуу, Сары-Челек биосфералык коругунун жаныбарлары, Бишкек шаарынын айлана-чѳйрѳсүнѳ автоунаанын тийгизген таасири ж.б. сыяктуу маселелер кызуу талкууланды.

Аталган илимий иш чара студенттер арасында 2012-жылдан бери жыл сайын ѳткѳрүлүп келүүдѳ.


Top