Кыргызстан-Германия кызматташтыгы жана AFG уюму география, экология жана туризм факультетинин окутуучуларына жана студенттерине илимий-методикалык семинар өткөрдү
Posted By: Admin Дата: 2022-11-29 11:05:51 Просмотров:1338

28-ноябрда улуу агартуучу И.Арабаевдин 140 жылдыгына карата Кыргызстан-Германия кызматташтыгы жана AFG уюмдарынын жардамы менен «Жашыл экономика жана жеке секторду өнүктүрүү» долбоорунун алкагында география, экология жана туризм факультетинде окуган 1-4-курстардын студенттери жана окутуучулары үчүн илимий-методикалык семинар уюштурулду. Семинарды AFG уюмунун жетекчиси Торстен Свобода жана кафедранын доценти Гүлназ Жалилова өткөрдү.


Top