• Экология жана туризм кафедрасы окутуучусу Г.С. Садыкова студенттерге көчмө сабак өттү

    Экология жана туризм кафедрасында доц.м.а., б.и.к. Г.С. Садыкованын уюштуруусу астында «Экология жана жаратылышты пайдалануу багыты» боюнча ЭПк-1-19 жана «География» багыты боюнча Гб-1-19, Гк-1-19 группаларынын студенттери «Бишкексууканал» ӨЭБна караштуу Пригородное айылында жайгашкан «Тазалоочу курулуштар» ишканасында көчмө сабак өткөрүштү. Сабакка ЭжТКнын ага окутуучусу Сеитова М.У. жана ГжОТКнын ага окутуучусу Кожогелдиев Т.А. да жетекчилик кылышты

    Дата:2022-04-18 10:07:22 Просмотров1634 :: Подробнее...
  • География, экология жана туризм факультети 23- февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата майрамдык иш- чара өткөрдү

    И. Арабаев атындагы КМУнун география, экология жана туризм факультети 23- февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата майрамдык иш- чара өткөрдү. Аталган иш чараны факультеттин окутуучусу Сабыркүл Ниязова уюштурду. Майрамдык иш- чарада студенттер атайын даярдаган концерттик программасын тартуулашып, көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрүштү.

    Дата:2022-02-21 14:39:34 Просмотров7018 :: Подробнее...
  • География, экология жана туризм факультетинин окутуучулары семинар-тренинг уюштурушту

    26-28 январь күндөрү И. Арабаев атындагы КМУнун География, экология жана туризм факультетинин окутуучулары тарабынан ЖОЖдордун окутуучулары үчүн мугалимдердин методикалык даярдыгын жогорулатуу максатында Кыргызстандагы Германия кызматташтыгы, САМР «Ала-Тоо» коомдук фондунун колдоосу астында семинар-тренинг өткөрүлдү. Аталган иш-чара доц. Солпуева Д.Т., доц. Токторалиев Э.Т., доц. м.а. Садыкова Г.С., окутуучулар Кожогелдиев Т.А., Мамбетова Н., Төлөгөнова Г. тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү.Семинарда окутуу принциптери, интерактивдүү окутуу усулдары, компетенттүүлүктү жогорулатуу, Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү аспекттери каралды, ар кандай темалар (туруктуу өнүгүү, климат, жайыт, токой) боюнча көнүгүүлөр аткарылды.

    Дата:2022-02-01 13:28:58 Просмотров2989 :: Подробнее...
  • География, экология жана туризм факультетинде студенттер үчүн семинар-тренинг өткөрүлүүдө

    География, экология жана туризм факультетинин базасында География жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, доц. Д.Т. Солпуеванын жетекчилиги астында «География» жана «Экология» багыттарынын студенттери (20 студент) үчүн 09.12.2021-11.12.2021 чейин «Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү» деген темада семинар-тренинг уюштурулууда. Семинар-тренингди доц. Токторалиев Э.Т., Садыкова Г.С., окутуучулар Кожогелдиев Т.А., Мамбетова Н., Төлөгөнова Г. өткөрүүдө. Семинар-тренингдин биринчи күнү туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү боюнча маалымат берилди. Семинар-тренингге CAMPАла-Тоо фондунун өкүлү Малдыбаева Дина жана М.Рахимова атындагы ККЖжКДИнун табигый-математикалык кафедрасынын доценти, п.и.к. Джунушалиева К.К. катышууда.

    Дата:2021-12-14 11:46:56 Просмотров2345 :: Подробнее...
  • География, экология жана туризм факультетинде конок лекция уюштурулду

    География, экология жана туризм факультетинин базасында Илим күнүнө арналган иш-чара факультеттин деканы проф. Т.М. Чодураев, проф. Эргешов А.А., илимий иштер боюнча жооптуу, доц. Г.С. Садыкованын уюштуруусу менен өткөрүлдү. Иш-чарада Кыргызстандагы токой жана жер колдонуучулар ассоциациясынын башчысы, КРнын жаратылышына эмгек сиңирген ишмер, КРнын жаратылышына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын токой кызматынын ардактуу токойчусу Бурханов Айткул Мустафаевич студенттерге Кыргызстандагы токойлордун абалы, токойлорду жана жерлерди туура пайдалануу боюнча лекция окуду.

    Дата:2021-12-01 09:27:28 Просмотров2405 :: Подробнее...
Top