2022- жылдын 1-апрелине чейин бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу жүргүзүлүп жатат. Гуманитардык билимдер факультетинин экономика жана башкаруу кафедрасы факультеттин профессордук-окутуучулар курамына бирдиктүү салык декларациясы боюнча семинар уюштурду. Семинарды Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн окутуу жана түшүндүрүү секторунун башчысы Калыбаева Бүбүжамила Айтикеевна, текшерүүлөр бөлүмүнүн башкы инспектору Мамбеталиева Анара Зулпукаровна жана жергиликтүү салыктар боюнча бөлүмүнүн улук инспектору Маметов Бакыт Ибраимовичтер өтүштү.
Гуманитардык билимдер факультетинде "Тил-достуктун ачкычы" аттуу иш - чара болуп өттү
21-февраль "Эл аралык эне тил" күнүнө карата гуманитардык билимдер факультетинде ага окутуучу Н.С.Жумадилова уюштурган "Тил-достуктун ачкычы" аттуу темада иш-чара болуп өттү. Иш-чарада студенттер 6 улуттун тилинде ыр-бийлерди аткарышып, каада-салттарын көрсөтүштү. Иш-чаранын аягында мыкты группаларга, мыкты аткаруучуларга диплом, мактоо баракчалары тапшырылды.
Гуманитардык билимдер факультетинин студенти "Аалам алпы Айтматов" сынагынын жеңүүчүсү болду
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата "Аалам алпы Айтматов" темасына дил баян жазууга сынак жарыяланган. Сынактын жеңүүчүлөрүнүн бири Гуманитардык билимдер факультетинин Орус тил жана адабият багытында окуп жаткан ФОБ-120 тайпасынын студенти Анвар кызы Асель I-орунга ээ болду. Ошондой эле Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытында окуп жаткан ГМУ-120 тайпасынын студенти Алимова Нурайым II-орунга ээ болду. Жеңиштин ээлерине сертификаттар ыйгарылды. Факультет студенттери менен сыймыктанат!
Гуманитардык билимдер факультетинин, Экономика жана башкаруу кафедрасынын ага окутуучусу, ГМУ-119/ГМУ-120 тайпаларынын куратору Н.У. Абдылдаева 12-декабрь күнүнө карата улуу залкарларыбыз Ч.Айтматов менен А.Осмоновдун элесин эскерип куратордук ачык сабак өткөрдү. Ректораттан илимий изилдөө иштери боюнча проректор Э.Ж.Каниметов келип катышып кетти. Куратордук ачык сабакта мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытынын студенттери өздөрүн келечектеги мамлекеттик системасынын кадрлары, ар-тараптуу жана өнөрлүү жаштар экендигин көргөзө алышты.
ГБФнин Экономика жана башкаруу кафедрасынын студенттери кураторлордун коштоосу менен Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун 12-декабрь туулган күнүнө карата жазуучунун үй музейинде болушту. Ч.Айтматов Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында1928-жылы 12-декабрда туулган.