Гуманитардык билимдер факультетинин студенттери ак калпак күнү менен куттукташты
Гуманитардык билимдер факультетинин Экономика жана башкаруу кафедрасынын ГМУ-119 жана ННбак-120 студенттери видео аркылуу ак калпак күнү менен куттукташты! 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына АК КАЛПАК КҮНҮ белгиленет. Бул күн Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы № 825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган. Ак калпак күнү официалдуу эмес түрдө 2011- жылы майрамдала баштаган. Материалды даярдаган группанын куратору: Солтогулова М.У. жана Абдылдаева Н.У.
Руководителям Высших учебный заведений ИНФОРМАЦИОННОЕ ПИСЬМО 16 марта 2021 г. кафедра «Экономика и управление» информирует Вас о проведении Республиканскойнаучно-практической студенческой конференции на тему: «Пандемия: проблемы, кризис или новые возможности решения».
Гуманитардык билимдер факультетинде Окумуштуулар кеңешинин отуруму өттү
22-октябрда жылы Гуманитардык билимдер факультетинин деканатында Окумуштуулар кеңешинин отуруму болуп өттү. Күн тартибинде 2020-2021 окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу боюнча кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү маалымат беришти. Жалпы жонунан окумуштуулар кеңеши кабыл алуу комиссиясынын ишин баалап, ыраазычылык билдиришти. 2020 жылы кабыл алуу комиссиясы онлайн түрүндө иш алып барып, факультет кабыл алуу боюнча жакшы жетишкендиктерди көрсөттү. Эгерде 2019 жылы факультет 251 студент кабыл алышса, 2020 жылы 363 абитуриент кабыл алышты.
И. Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык билиимдер факультетинин Экономика жана башкаруу кафедрасынын ага окутуучусу, бүтүрүүчү группасына арнап куттуктоо ролик даярдады. Ролик бүгүнкү балдар күнүнө карата даярдалып, эми алардын чындап балалык, санаасыз күндөр менен коштошконун белгилеп кеткиси келди, себеби студенттик күн, бул балалык чактын акыркы тепкичи эмеспи... Ак жол сага бүтүрүүчү!!!
Гуманитардык билимдер факультетинде мамлекеттик аттестация ийгиликтүү өтүп жатат
И. Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык билимдер факультетинде мамлекеттик аттестация бүгүнкү күндүн талабы менен онлайн-режиминде өтүп жатат. Күндүзгү окуудагылар ийгиликтүү аяктап, дистанттык формадагылар тапшырып жатышат. Мамлекеттик аттестация АВН порталы аркылуу тест түрүндө, ал эми катто болсо Jitsi Meet платформасы менен онлайн режиминде болуп жатат.