Новости:
КМУнун 2 студентти президенттик стипендияга ээ болду
Posted By: Admin Дата: 2021-12-16 10:20:09 Просмотров:882

 И. Арабаев атындагы КМУнун 2 студентти президенттик стипендияга ээ болушту. Тактап айтканда тарых жана социалдык билим берүү факультетинин 4- курсунун студенти Дастан Абдыраманов менен педагогика факультетинин башталгыч билим берүү багытынын 4-курсунун студенти Жибек Султанова президент Садыр Жапаровдун колунан президенттик стипендияны алышты. 

Эки күн мурда өлкөнүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты 80 студентине президенттик стипендия тапшыруу аземи болуп өттү.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө башкаларга үлгү болгон жаштардын эмгегин баса белгиледи. Ошондой эле ал студенттерге ак жол, ийгилик жана жетишкендиктерди каалап, 50 миң сом өлчөмүндөгү президенттик стипендия тапшырды.
Окуудагы жетишкендиктери үчүн аты аталган эки студентибизге бекем ден соолук жана албан ийгиликтерди каалайбыз! 
 

 


Top