И. Арабаев атындагы КМУнун окутуучусу Кубатбек Курманалиев "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими" ардак наамы менен сыйланды. Эске салсак, Кубатбек агай билим берүү тармагында 37 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келет.
Тарых жана социалдык билим берүү факультети мектеп окуучулар арасында "Билим таймаш" уюштурду
Кыргыз республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий—адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө деген аталыштагы жарлыгына ылайык, И. Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык билим берүү факультети мектеп окуучулар арасында "Билим таймаш" уюштурду. Аталган иш чарага университеттин Окуу иштери боюнча проректору, доцент Бексултанов Жениш Түнкатарович, Окуу башкармалыктын башчысы Зайниев Равшан Акимович, тарых факультеттин деканы Курбанова Назира Умаровна, "Жалпы тарых жана СЭУД" кафедрасынын башчысы Өмүрова Жүрсүн Касымбековналар катышты. Алар катышуучуларга ийгилик каалашты. Иш-чарага Бишкек шаарындагы базалык мектептеринин мугалимдери, тактап айтканда №72 мектептен Гүлнара Шокеева Жумалиевна, №94 мектептен Самудин уулу Мирлан, №86 мектептен Осмонова Бегимжан жана Бекжан уулу Аскат, №84 мектептен Дүйшеналиева Роза Асановна, Жолдошова Айпери Ишенбаевналар катышып, университеттин жетекчилигине жана Тарых факультетине ыраазычылыктарын билдиришти.
15 января 2021 г. магистранты факультета истории и социально-правового образования КГУ им. И.Арабаева приняли участие в центральноазиатском форуме ПАХЧ «Картина мира Центральной Азии: история и современность», на котором приняли участие команды магистрантов и исследователей из Казахстана, Таджикистана и Кыргызстана. На форуме команда магистрантов ФИСПО презентовала результаты научного исследования по процессам изменения национальных свадебных традиций в Кыргызстане.
Жалпы тарых жана СЭУД кафедрасынын доценти Өмүрова Ж.К конференцияга катышты
Кыргызстандагы М.Рыскулбеков атындагы экономикалык университетти уюштурган «Кыргыз элинин легандарлуу баатыры, мамлекеттик ишмери Исхак Раззаковду эскерүү»-аттуу ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференцияга Жалпы тарых жана СЭУД кафедрасынын доценттин милдетин аткаруучу Өмүрова Ж.К. жана 4- курстун студентти Абдыразакова Канымай активдүү онлайн форматта катышышты. Илимий практикалык конференция абадан кызыктуу жана пайдалуу болду. Абдыразак кызы Канымайга мындан ары да албан ийгиликтерди жарата беришине тилектешпиз!