АКШнын Вержиния штатынан педагог Аннета Чамберс келип, Манас таануу жана Лингвистика институтунун профессордук окутуучулар курамына жана студенттерге 3 күндүк лекция семинар өттү. Семинарда Аннета Чамберс резюмени кантип жазуу керек (How to write a CV) жана жумушка кабыл алуудагы интервьюдан өтүү жолдору туралуу, (Interviewing for Job) кеңири маалымат берди.
12.05.2022 состоялась встреча ректора Кыргызского государственного университета им. И. Арабаева Толобека Абыловича Абдурахманова с делегацией из России во главе с ректором Международного гуманитарного университета им. П.П. Семенова - Тянь-Шанского, доктором филологических наук, профессором Мариной Владимировной Пименовой. На встрече обсуждались вопросы дальнейшего сотрудничества между вузами Кыргызстана и России, новых научных проектов. На обсуждение были вынесены вопросы организации международных научных конференций, мобильности студентов и открытия нового направления PhD.
Кыргыз Элинин баатырдык эпосу “Манас” немис тилине которулуп, китеп болуп жарыкка чыкты. Жаңы китептин бет ачаары 2022-жылдын 29-мартында кыргыз-немис дипломатиялык кызматташтыгынын 30-жылдык юбилейинин урматына “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду жана Кыргызстандагы Германия элчилиги менен биргеликте китептин ачылышын өткөрүштү. Аталган маанилүү китепти И. Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана Лингвистика институтунун немис тили кафедрасынын ага окутуучулары Калдыбаева Эрика Тобокеловна жана Кыдырбаева Мээрим Асангуловна немис тилине которушту. Бул эмгек талыкпаган мээнетти, изденүүнү жана чоң күчтү талап кылды. Гете-Институтта иштеген немис жараны Филипп Пальм менен биргеликте редакцияланды. Китеп 530 тираж менен жарык көрдү.
Манас таануу жана дингвистика институтунда студенттерге окумуштуу Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына арналган ачык сабактар, семинарлар өтүлүүдө. тим 1-21 куратору Алиева Адиля Рустамовна , тим 2-21 куратору Барыктабасова Асель Кенжебековна, линит-1-21 куратору Дылдаева Эльзат Каныбековна, тим 1-20 куратору Ахметова Эвроазия Дамировна, линит-1-20 куратору Самидин кызы Зейнеп кураторлук кылган группаларга ачык сабактар өтүлүп, студенттер Ишеналы Арабаев жөнүндө кеңири маалымат алышты.
КМУнун Австрия китепканасында “Австрия адабият коому” аталышындагы семинар болуп өттү
И.Арабаев атындагы КМУнун Австрия китепканасында “Австрия адабият коому” аталышындагы семинар болуп өттү. Семинарга немис тили кафедрасынын окутуучулар курамы катышты. Семинарда “Австрия адабият коомунун” ишмердүүлүгү жөнүндө кенен маалымат берилди. Коомдун ишмердүүлүгүнүн негизги максаттарынан болуп Австрия жазуучуларын, жаңы чыгармаларын дүйнө элине таанытуу болуп эсептелинет. Андан сырткаркы милдеттеринин бири дүйнө жүзүндөгү 28 мамлекетте жайгашкан Австрия китепканаларын ар тараптан колдоо болуп саналат.