Манас таануу жана лингвистика институту мектептер менен кызматташтыгын арттырууда
Posted By: Admin Дата: 2019-12-02 13:31:21 Просмотров:12740

И. Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана лингвистика институтунда “Мектеп практикасы – келечектеги мугалимдик адистиктин калыптануусун системдик түзүүчү компоненти катары”аттуу илимий практикалык  конференция болуп өттү. Аталган конференция 3-4- курста окуган студенттерге  арналып уюштурулду.

Илимий жыйынга ректораттан инновациялык борбордун ага адиси, к.б.н. профессор Т.Б.Атанаев, университеттин практика боюнча жоопкерчиликтүү адиси Т.С. Шамшиев, №66 ОТК, №72 мектеп-гимназиясынын, «Креатив-Таалим» билим берүү комплексинин  өкүлдөрү, ошондой эле Манас таануу жана лингвистика институтунун деректиринин окуу иштери боюнча орун басары Т.Ш.Исраилованын жана мектептерде илимий практикаларын өтөп келген жогорку курстардын студенттеринин катышуусунда  өткөрүлдү.  Эске сала кетсек, болуп өткөн  илимий жыйын  Лингвистика кафедрасынын  башчысы Д. М Дайырбекова, Котормотаануу кафедрасынын башчысы Н.Б. Черикбаева жана ага окутуучу А.Т.Ташматов, окутуучулар  А. Р. Алиева,  Э. К.Дылдаева ж.б. кафедра мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги менен уюштурулганын белгилеп  коюбуз зарыл.

Жыйындын соңунда мектептер менен институттун көп жылдык кызматташуусу эске алынып, мектеп админстрациялары тарабынан практикаларын мыкты өтөгөн студенттерге «Ыраазычылык кат» жана сертификаттар тапшырылды.

Ошону менен бирге эле практика өтөгөн студенттер айрым класстарда өткөрүлгөн сабактардан 5-7 мүнөттүк  фрагменттерин көрсөтүштү. Алар: ТИМ-2-17 тайпасынын студенттери Кунжегулова А., Суютбекова А. жана  ТИМ-3-16 тайпасынын студенттери  Омуркул кызы У., Тилекова Ж. Практика учурунда эң жакшы көрсөткүчтөр менен келген студенттер грамоталар менен сыйланышты.


Top