Манас таануу жана лингвистика институтунда методикалык семинар өтүүдө
Posted By: Admin Дата: 2020-01-21 14:17:11 Просмотров:14124

20- январдан 23- январга чейин И. Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана лингвистика институтунда “Тилдерди окутуудагы заманбап методикаларды колдонуу ( немис тилин окутуу методикасынын негизинде) деген аталыштагы методикалык семинар өтүп жатат. Семинарга аталган институттун мугалимдери жана магистранттары катышууда.  

20- январда Ж. Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу, Филология илимдеринин кандидаты, доцент Замира Мамбетова, 22- январда Борбор Азиядагы Америка университети (АУЦА) нын окутуучусу Диана Алымжанова келип катышуучуларга өз лекцияларын окушту. Эртең, 23- январда К. Карасаев атындагы Бишкек Мамлекеттик университетинин ага окутуучусу Токтогазиева Дарийка Токтогазиевна келип лекциясын окумакчы.


Top