Манас таануу жана лингвистика институту Бүткүл дүйнөлүк Эне тилдин эл аралык күнүнө карата иш- чара өткөрдү
Posted By: Admin Дата: 2020-02-17 18:16:42 Просмотров:16722

17- февралда И. Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана лингвистика институту 21- февраль бүткүл дүйнөлүк Эне  тилдин эл аралык күнүнө карата иш- чара өткөрүштү. Аталган иш- чара университеттин Чыңгыз Айтматов атындагы чоң залында болуп өттү.

Ага И. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана коммуникация боюнча проректору, тарых илимдеринин доктору Эсенкулов Нурмамат Жокенович катышты. Проректор, майрамдык кечеге катышкан  мугалимдерди жана студенттерди бүткүл лүйнөлүк тил күнү менен куттуктап, студенттерди көп тил билүүгө, мамлекетти сүйүүгө, Эне тилди баалап- барктоого чакырып, жаштарды патриоттуулукка, билимдүү болууга үндөдү.

Кече концерттик программа менен коштолуп, студенттер өз өнөрлөрүн көрүүчүлөргө тартуулашты.


Top