Окумуштуу Сыртбай Мусевдин немис тилинен кыргыз тилине которулган китеби жарык көрдү
Posted By: Admin Дата: 2020-06-23 12:16:31 Просмотров:15198

И.Арабаев атындагы КМУнун Манастаануу жана лингвистика институтунун директору, профессор Мусаев Сыртбай Жолдошевич жана  профессордун милдетин аткаруучу  С.З.Садыкова тарабынан XIX кылымдагы улуу илимпоз, кытай таануучу, алтаист, арабист академик Вилгелм Кристиан Шоттун “Чыныгы кыргыздар жөнүндө” (W.C.Schott „Über die ächten Kirgisen“ (1865) аттуу китеби биринчи жолу немис тилинен кыргыз тилине которулуп, жарык көрдү.

В.К.Шотт жалпы эле алтай тилдери, анын ичинде өзгөчө түрк, монгол тилдери боюнча чоң адис катары аталган элдердин тарыхы, тили, маданияты жаатында атайын изилдөө жүргүзүп, “алтай тилдери” деген аталышты илимде биринчи болуп колдонгон окумуштуу катары белгилүү.

Алтай тобундагы тектеш элдердин тарыхына кызыгуу менен катар Кытай жазма – Таң-шу, Йуан-ше, Хуэн-йу-ки, Уэн-Хйан Туң Кхао – булактарындагы ишенимдүү маалыматтарга таянып, кыргыз элинин 6-19-кылым аралгындагы тарыхы, маданияты жана тили жөнүндө Берлин Илимдеринин Королдук Академиясында 1864-жылы билдирүү жасаган.

Ушул билдирүүнүн негизинде 1865-жылы “Чыныгы кыргыздар жөнүндө” деген китебин жарыка чыгарган. Ал эмгекке карата айрым бир кыска гана шилтемелер В.В. Бартолдт сыяктуу окумуштуулардын эмгектеринде кездешпесе, ошол китеп бүгүнкү күнгө чейин кыргыз коомчулугуна белгисиз болуп келген.

Немисчеден которулган кыргызча котормосу биринчи жолу кыргыз коомчулугуна сунушталып жатат...


Top