Ректор Төлөбек Абдырахманов Корея Республикасынын билим берүү борборунун директору Ким Дэ Гванды кабыл алды
Posted By: Admin Дата: 2020-06-27 12:42:05 Просмотров:14711

И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Абдырахманов Төлөбек Абылович Бишкектеги Корея Республикасынын билим берүү борборунун директору Ким Дэ Гванды кабыл алды.

Жолугушууда И. Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана лингвистика институтуна Корей тилин окутуу боюнча кафедра ачуу маселеси каралды. Жолугушууга И. Арабаев атындагы КМУнун окуу башкармалыгынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты Капалбаев Октябрь Эркинович да катышты. Андан соң,  Ким Дэ Гван Манас таануу жана лингвистика институтун директору  Мусаев Сыртбай Жолдошевич менен да кезикти.


Top