Профессор Сыртбай Мусаев Казахстандын борбору Нур-Султан шаарында өткөн эл аралык онлайн семинарга катышты
Posted By: Admin Дата: 2020-09-23 11:13:32 Просмотров:11122

2020-жылдын 17-сентябырында саат 10.00до “Манас таануу жана лингвистика” институтунун деректири профессор Сыртбай Жолдошович Мусаев Нур-Султан шаарындагы Казахстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлигине караштуу Шайсултан Шаяхметов атындагы «Тіл-Казына»  Улуттук илимий-практикалык борбору тарабынан уюштурулган «Түрк дүйнөсү: тил кырдаалы, алфавит жана методика» аттуу эл аралык онлайн семинарга катышты. 
Семинарда түрк элдеринин алфавитин жана орфографиялык эрежелерин куруу боюнча тажрыйба алмашуу,  түрк элдердин тилдеринин учурдагы абалы жана келечеги, латын алфавитине негизделген алфавити, казак тилинин жаңы орфографиялык эрежелери тууралуу маселелер талкууланды.
 
Профессор С.Ж.Мусаев бул семинарда “Латын арибиндеги азыркы кыргыз алфавитинин курамы” доклады менен катышып, ал докладда Кирилл алфавитине негизделген азыркы кыргыз алфавитинин айрым көйгөйлөрү жөнүндө, орус алфавитинин негизинде түптөлгөн кыргыз алфавити 80 жыл бою кызуу талкуулардын предмети болуп келгендиги тууралуу айтылды.
 
Бул маселе, биринчи кезекте, 1940-жылдары кыргыз алфавити  орус алфавитине негизделип, кыргыз тилинин ички фонетикалык, грамматикалык мыйзам ченемдүүлүктөрү эске алынбай кабыл алынгандыгы менен байланыштуусу белгиленди.
 
Ошондуктан  28 тамга жана 34 кыргыз фонемасы менен латын графикасына негизделген кыргыз алфавитин калыбына келтирүү маселесин көтөрүү керек деген оюн аталган докладдын негизинде билдирди. 


Top