“Манас таануу жана лингвистика” институтунун директору болуп профессор Сыртбай Мусаев шайланды
Posted By: Admin Дата: 2020-10-13 11:49:24 Просмотров:12248

И. Арабаев атындагы КМУнун “Манас таануу жана лингвистика” институтунун директорун шайлоо болуп ѳттү.
Директорлук орунга институттун буга чейинки директору Сыртбай Мусаев менен чет тилдер кафедрасынын башчысы Кенжебай Уметов ат салышып, шайлоо жакындаганда  
Кенжебай Уметов ѳз талапкерлигин жарыштан алып, Сыртбай Мусаевди колдоорун билдирди.

Жыйынтыгында профессор Сыртбай Мусаев 51 добуш менен аталган институттун директору болуп шайланды. Шайлоо мыйзам чегинде, тынч жана таза ѳттү.
 


Top