АГУПКРдин улук окутуучусу мугалимдерге тренинг өттү
Posted By: Admin Дата: 2021-02-18 10:34:14 Просмотров:13146

17- февралда Манас таануу жана лингвистика институтунун базасында окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу максатында “Онлайн режиминде окутуунун заманбап психологиялык-педагогикалык тенденциялары” аттуу илимий семинар, тренинг болду. Аталган семинарга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын улук окутуучусу М. Ж. Окенаева катышып, ал институттун кызматкерлерине тренинг өттү. 

Семинарга институттун директору Нуржан Сартбекова жана окутуучулар катышышты. Соңунда институттун директору Нуржан Сартбекова убактысын бөлүп келип бергени үчүн М. Ж. Окенаевага ыраазычылык билдирип, мындан ары да тыгыз кызматташууга чакырды. 


Top