КМУнун Манас таануу жана лингвистика институтуна Нуржан Сартбекова директор болуп шайланды
Posted By: Admin Дата: 2021-03-04 14:02:06 Просмотров:9195

И. Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана лингвистика институтунун директорун шайлоо болуп өттү. Директорлук орунга эки талапкер ат салышты. Алар педагогика илимдеринин доктору, профессор Нуржан Сартбекова жана филология илимдеринин доктору Даирбек Кенжебаев.

Шайлоого 74 киши катышып, 41 киши Нуржан Сартбековага добуш берсе, 30 киши Даирбек Кенжебаевге добуш беришти. 3 киши экөөнө тең каршы добуш салышты. Жыйынтыгында 41 добуш менен Нуржан Сартбекова директор болуп шайланды. Шайлоо атайын комиссия тарабынан көзөмөлдөнүп, жобого ылайык  өткөрүлдү. Комиссияга КМУнун  окуу иштери боюнча проректору Жеңиш Бексултанов төрагалык кылды.


Top