Манас таануу жана лингвистика институтунун эки мугалими жаңы чыккан "Манас" китебин немис тилине которушту
Posted By: Admin Дата: 2022-04-11 17:49:59 Просмотров:2045

Кыргыз Элинин баатырдык эпосу “Манас” немис тилине которулуп, китеп болуп жарыкка чыкты. Жаңы китептин бет ачаары 2022-жылдын 29-мартында кыргыз-немис дипломатиялык кызматташтыгынын 30 жылдык мааракесинин  урматына “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду жана Кыргызстандагы Германия элчилиги менен биргеликте китептин ачылышын өткөрүштү. 

Аталган маанилүү китепти И. Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана Лингвистика институтунун немис тили кафедрасынын ага окутуучулары Калдыбаева Эрика Тобокеловна жана Кыдырбаева Мээрим Асангуловна немис тилине которушту.

"Бул эмгек  талыкпаган мээнетти, изденүүнү жана чоң күчтү талап кылды. Гете-Институтта иштеген немис жараны Филипп Пальм менен биргеликте редакцияланды. Китеп 530 тираж менен жарык көрдү"дейт Кыдырбаева Мээрим Асангуловна. 

Болуп өткөн иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева, Кыргызстандагы  Германиянын элчиси Габриелла Геллил, белгилүү манасчылар,  немис тили кафедрасынын башчысы, проф. м.а. С.З Садыкова жана КМУнун профсоюз комитетинин төрагасы Назар Догдурбек уулу катышышты.

 

 


Top