«Окутуучулардын жана студенттердин англис тили жана информациялык технологиялар көндүмдөрдүн өстүрүүгө жардам берүү» аталышындагы доолбор өз ишин баштады
Posted By: Admin Дата: 2022-11-04 13:16:53 Просмотров:1475

4-ноябрдан тарта И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Манас таануу жана лингвистика институтунун Лингвистика кафедрасында И.Арабаевдин 140 жылдыгына карата «Окутуучулардын жана студенттердин англис тили жана информациялык технологиялар көндүмдөрдүн өстүрүүгө жардам берүү» аталышындагы доолбор өз ишин баштады. Аталган долбоор Лингвистика кафедрасынын ага окутуучусу Абдитимиталип Ташматовдун жетекчилиги алдында, АКШнын кыргызстандагы Элчилиги жана АКСЕЛСтин каржылоосу менен ишке ашып жатат. Долбоор 2022-жылдын 26-сентябрынан 30-ноябрына чейин улантылат. Иш чарага Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети жана К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Мамлекеттик Агрардык университетинин профессордук-окутуучулар курамынан 20дан окутуучу, 20дан студент катышууда. Тренингдер 4-5-11-12- ноябрь күндөрү өткөрүлөт.


Top