“Адам уулу канткенде адам болот?”
Posted By: Admin Дата: 2018-12-12 17:00:22 Просмотров:13962

2018-жылдын 12-декабрында Ч.Айтматовдун 90 жылдык юбилейине карата  Филологиялык билим берүүнүн практикалык курсу кафедрасы жана Лингвистика факультетинин жетекчилигинин демилгеси менен  Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн урматына арналган “Каармандар сүйлөйт” аттуу адабий-кече өткөрүлдү.

 Кечени Филологиялык билим берүүнүн практикалык курсу кафедрасынын доц.м.а. К.Ш.Иманакунова жетектеп, Лингвистика факультетинин 1-2-курсунун студенттери “Адам уулу канткенде адам болот?”  деген теманы каармандардын образы аркылуу, Айтматов көтөргөн бүткүл адамзаттык көйгөйлөрдү ойногон ролдору аркылуу көрүүчүлөргө жеткиришти. Бул адабий-кече жогорку деңгээлде өткөрүлдү.


Top