Азыркы учурдагы кыргыз тилинин илимий-изилдөө иштеринин сапатын жогорулатуу
Posted By: Admin Дата: 2019-04-14 12:04:01 Просмотров:11485

   13-апрелде башкы корпустун кичи жыйындар залында тилчи, окумуштуу Сыртбай Мусаев «Азыркы учурдагы кыргыз тилинин илимий-изилдөө иштеринин сапатын жогорулатуу» деген аталыштагы илимий конференция өткөрдү.

Конференцияга белгилүү филолог-окумуштуулар катышты. Окумуштуулар кыргыз тилин изилдөөдө, илимий эмгектерди жазууда абдан маани берүү, негизинен, кыргыз тилин тереңден изилдеп, жаш окумуштууларга туура багыт берүү жана аны көзөмөлгө алуу башкы милдет экендигин айтышты. Муну менен катар көчүрүп алуу, же чала сабаттуулук менен жазылган илимий иштер да арбын. Бул боюнча атайын комиссия өз миссиясын так аткаруусу керек деген ой-пикирлерин ортого салышты.


Top