Лингвистика институту маданий иш-чара өткөрдү
Posted By: Admin Дата: 2019-09-20 12:14:31 Просмотров:13436

20-сентябрда 23-сентябрь Мамлеттик тил күнүнүн 30 жылдыгына карата И. Арабаев атындагы КМУнун Чыңгыз Айтматов атындагы чоң жыйындар залында университеттин Лингвистика институту чакан маданий иш-чара өткөрдү.

 Иш-чарага акындар Алтынбек Исмаилов жана Баян Акматов, ошондой эле ырчы- обончу, комузчу Алтынбек Каленов конок катары чакырылган. Тагыраак айтканда, мугалимдер жана студенттер аталган үч өнөрлүү инсандын чыгармачылыгына күбө болушту.

Акындар Баян Акматов менен Алтынбек Исмаилов куюлушкан куйкумдуу ырларын окуп студенттердин жарпын жазса, ырчы Алтынбек Каленов муңга толгон мукамдуу ырларын комуздун коштоосунда ырдап, жагымдуу маанай тартуулады.

 


Top