2018-жылдын 12-декабрында Ч.Айтматовдун 90 жылдык юбилейине карата Филологиялык билим берүүнүн практикалык курсу кафедрасы жана Лингвистика факультетинин жетекчилигинин демилгеси менен Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн урматына арналган “Каармандар сүйлөйт” аттуу адабий-кече өткөрүлдү.
Кечени Филологиялык билим берүүнүн практикалык курсу кафедрасынын доц.м.а. К.Ш.Иманакунова жетектеп, Лингвистика факультетинин 1-2-курсунун студенттери “Адам уулу канткенде адам болот?” деген теманы каармандардын образы аркылуу, Айтматов көтөргөн бүткүл адамзаттык көйгөйлөрдү ойногон ролдору аркылуу көрүүчүлөргө жеткиришти. Бул адабий-кече жогорку деңгээлде өткөрүлдү.