Казиева Гүлзат Качканаковнанын насаатчылыгынын астында 3-курстун студенти Жакыпбаева Гүлзат конкурска катышып баш байгени жеңип алды
Posted By: Admin Дата: 2019-12-06 13:30:11 Просмотров:796

2019-жылдын 5-декабрында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин педагогикалык факультетинин 10 жылдык мааракесине карата республикалык «Мугалим» илимий- педагогикалык журналы менен биргеликте уюштурулган өлкөбүздөгү жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасындагы “Мен мугалим болом-2019” аттуу биринчи республикалык сынакка И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика факультетинен “Табигый- математикалык билимдер жана аларды башталгыч мектепте окутуунун технологиясы” кафедрасынын башчысы Казиева Гүлзат Качканаковнанын насаатчылыгынын астында 3-курстун студенти Жакыпбаева Гүлзат конкурска катышып баш байгени жеңип алды.

Аталган студент Жакыпбаева Гүлзат 2019-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, профессор Нуржамал Ибраеванын 80-жылдык юбилейине карай, анын жаркын элесине арналган “Билим берүүнүн мазмунун модернизациялоодогу ишмердүүлүк мамиле” темасындагы Эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында студенттер арасында уюштурулган сынактын жеңүүчүсү.

Сынакка республиканын ар кайсы аймактарынан келген студеттер ат салышты, сынактын I туру №66 мектеп - гимназиясында инновациялык ачык сабактарды өтүшүп конкурсанттардын тогуз катышуучусу экинчи турга жолдомо алышты, сабактын жүрүшүндө биздин студент оригиналдуу сабак өтүп алган билимдеринин тереңдигин жана ар кандай методикалык ыкмаларды жакшы өздөштүргөнүн көрсөтө алды.

Экинчи турда конкурсанттар өзүлөрүн презентациялап, андан соң педагогикалык кырдаалдан чыгуу, логикалык жана жалпы кругозорго байланыштуу суроолорго жооп берип, студенттин өздүк портфолиосуна да атайын баа берилди.

 

 

 

 


Top