КМУнун Педагогика факультетинин профессор-окутуучулар курамы региондордогу мектептерди кыдырып, мугалимдер, окуучулар менен жолугушууларды өткөрүүдө
Posted By: Admin Дата: 2020-02-25 12:40:22 Просмотров:305

Кыргыз Республикасынын президентинин 2020-жылды «Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыялоо жөнүндө жарлыгына ылайык Педагогика  факультетинин профессор-окутуучулар курамы региондордогу мектептерде болуп, мугалимдер, окуучулар менен жолугушууларды өткөрүүдө.

    Мына ошондой жолугушуулардын бири Чүй областынын  Чүй районундагы “Кегети” орто мектебинде болуп өттү.

Педагогика факультетинин Башталгыч мектепте кыргыз, орус тилдерин  окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору Б.С.Чокошева студенттер менен бирге мектептин директору жана башталгыч класстардын мугалимдери менен жолугушту.

Бул мектепте Кыргыз Эл  жазуучусу Насирдин Байтемиров, КР ЖКнын экс-депутаты, коомдук ишмер Муратбек Мукашев, окумуштуулар Аскар Турсунов, Султан Мамбеткалиев, Искендер Исамидинов  сыяктуу белгилүү инсандар окушкан.

Мектептин окуу кабинеттери талапка ылайык жасалгаланган.

Өзгөчө орус тили жана адабияты, биология кабинеттери жогорку деңгээлде уюштурулган. Айылдан чыккан белгилүү инсандардын өмүр жолун чагылдырган музейи бар.

    Б.С.Чокошева КР Эл мугалими С.Абдырахманова жана башталгыч класстардын мугалимдери менен башталгыч билим берүүнүн маселелери, окуу китептеринин түзүлүшү жөнүндө аңгемелешти.

Мектептин директору А.Сатыбалдиева Б.Чокошевага ыраазычылыгын билдирип, жакында өтө турган мектептин 100 жылдык юбилейине катышууга чакырды  жана мындан ары дагы факультет менен мектептин байланышын чыңдап, ушундай жолугушууларды, семинарларды өткөрүп турууну, студенттерди педагогикалык практикасын өтүүгө жиберип турууну сунуштады. 


Top