Педагогика факультетинин студенттери эне тилге арналган тегерек столго чогулушту
Posted By: Admin Дата: 2020-02-26 14:10:21 Просмотров:323

21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк эне тили күнүнө карата Педагогика факультетинин Башталгыч билим берүүнү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү борбору тарабынан 4-курстун студенттери менен «Кыргыз эли жер үстүндө жашап турганда, кыргыз эли да жашай бермекчи» - деген темада тегерек стол өткөрүлдү.

Тегерек столду борбордун жетекчиси, Башталгыч мектепте кыргыз жана орус тилдерин окутуу технологиясынын кафедрасынын профессору Б.С.Чокошева ачып 21-февраль ЮНЕСКО тарабынан 1999-жылы Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү катары кабыл алынып, ошондон бери белгиленип келе жаткандыгын белгиледи. 

Тегерек столдо эне тили жөнүндө 4-курстун студенти Ч.Кенешбаева тарабынан доклад окулуп студенттер доклад боюнча жана залкар жазуучу Ч.Айтматовдун «Кыргыз эли жер үстүндө жашап турганда, кыргыз эли да жер үстүндө жашай берет» деп айткан сөзүнүн тегерегинде талкуу жүргүзүштү студенттер С.Байызбекова, А.Шаршеналиева, Эмилбек к.А., Жакут к. Э., Калыбек к .Г., А.Исакова, Г.Адилбекова, ж.б. эне тил жөнүндө ырларды көркөм окушуп, сценкаларды аткарышты. Турциядан келген студент Четин Эмель түрк тилиндеги ырды көркөм окуп, түрк тили жөнүндө айтып берди.

Ар бир улут өзүнүн эне тилин кадырлап, урматтап өнүктүрүүгө аракет кылган учурда гана эне тили жок болбой, өркүндөп – өсө тургандыгы жөнүндө белгилешти.

Тегерек столго прфессор м.а. Г.К.Казиева, М.Раимбекова ага окутуучу В.Садыкова окутуучу Н.Кулубаевалар катышышты. Тегерек стол мазмундуу жана кызыктуу өттү.


Top