КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин студенттерине Енгхун – Весоль фонду корей тилин мыкты окуган студенттерге стипендия тапшырды
Posted By: Admin Дата: 2020-12-03 10:30:54 Просмотров:9862

26-ноябрда 2020-жылы Енгхун – Весоль стипендиясы корей тилин мыкты үйрөнүп жаткан студенттерди колдоо жана шыктандыруу максатында корей тилин мыкты окуган студенттерге Енгхун – Весоль фонду тарабынан  КМУнун  Седжон институтунда корей тилин мыкты өздөштүрүп жаткан Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер  факультетинин 5 -  студентинин ар бирине $200 өлчөмүндө акчалай сыйлык жана “Ардак грамоталар” тапшырылды. 

Стипендиянттарды аныктоодо окуудагы жана университеттин жана институттун жашоосундагы мыкты көрсөткүчтөр каралып, тандоо укугу корей тилинен сабак берген окутуучулар жамаатына берилди.

Стипендия тапшыруу аземине куттуктоо сөздөрү менен КМУнун ректору Т.А.Абдырахманов, Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер  факультетинин деканы – З.А.Алымкулов, декандын орун басары – А.Б.Асакеева, Чыгыш тилдери кафедрасынын башчысы – С.К.Егимбаева жана кафедранын корей тилинин окутуучулары жана студенттердин ата-энелери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер  факультетинин деканы – З.А.Алымкулов тарабынан факультеттин атынан студенттердин ата-энелерине “Ыраазычылык баракчасын” тапшырды. Иш-чарага    Енгхун – Весоль фондунун төрагасы Сонг Наксу мырза корей тилин өнүктүрүүгө көмөктөшүп жаткан жогорудагы эки окуу жайга ийгилик кааалап , ыраазычылыгын билдирди. 


Top