Корей таануу боюнча Борбордук Азиядагы студенттердин арасында өткөн II илимий конференция
Posted By: Admin Дата: 2021-11-29 13:39:28 Просмотров:1949

2021-жылдын 20-ноябрында Борбордук Азиядагы студенттердин арасында IIкорей таануу боюнча илимий конференция өттү. Жалпысынан илимий иш-чарага Кыргызстан, Казакстан,Түркмөнстан, Өзбекстандан топтолгон 24 команда катышты.

 Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин “Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер” факультетинин “Чыгыш тилдери” кафедрасынан Лингвистика (Котормо жана котормо таануу), “Филология” адистиги боюнча билим алган 3-4-курстун студенттеринен куралган эки команда катышты. Илимий жетекчилери кафедранын ага окутуучусу Суранчиева М.Б.жана окутуучу Хаметова А.С.

Алар: Өмүрзаков Бектурсун, Бапаева Нурсулуу, Тураева Кутай, Тамерланов Байэль Кутманова Айсулуу, Ни Лия “Влияние корейской культуры на молодое поколение Кыргызстана” (англис тилинде) жана “Роль развития культуры на мировой арене Халлю как пример культурного развития” (корей тилинде) аттуу илимий баяндама менен катышышты.

 Иш-чаранын жыйынтыгында ар бир команданын тил билүү жөндөмдүүлүгү баса белгиленип акчалай сыйлык жана грамоталар менен сыйланышты.

Аталган илимий иш-чарага факультеттин студенттери экинчи ирет катышууда.


Top