Чыгыш тилдери кафедрасынын студенттерине Енгхун – Весоль стипендиясы берилди
Posted By: Admin Дата: 2021-11-30 11:03:52 Просмотров:1688

Енгхун – Весоль стипендиясы ар жыл сайын корей тилин үйрөнүп жаткан студенттерди, окуучуларды колдоо жана шыктандыруу максатында берилип келет. Тарых барактарында белгилүү болгондой,  Корей мамлекети бир нече жыл Япониянын колониясында турган мезгилде улуттук тилин жоготуп алуу коркунучу жаралган. 

Мына ошол мезгилдерде өзүнүн улуттук тилин сактап калуу максатында бир канча мамлекеттик эмес уюмдар түзулуп ,  тилди сактап калуу жана өнүктүрүү    программасынын үстүнөн күжүрмөн эмгек кылышкан. Алардын арасында Кореянын көрүнуктүү окумуштуусу,илимпоз Весоль Жвейонбе да бар. Эне тилди өнүктүрүү үчүн кылган зор эмгегин баалоо жана урматтоо максатында, бул илимпоздун шакирттери жана тарапташтары тарабынынан илимпоздун аты ыйгарылган фонд түзүлүп, корей тилин жайылтуу жана өнуктурүүгө салым кошуп келе жаткан уюмдарга колдоо көрсөтуү максатында иш жүргүзүп келет.

Баса белгилей кетчү нерсе, стипендияттарды аныктоодо окуудагы жана университеттин, институттун жашоосундагы мыкты көрсөткүчтөр каралып, тандоо укугу окутуучулар жамаатына берилди.Акчалай сыйлыкты стипендияттарга  тапшыруу аземине университетибиздин илимий иштер боюнча проректору,  Бексултанов Ж. Т.   Чыгыш Таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин деканы Алымкулов З.А. катышып, куттуктоо сөзүн суйлөштү.

Иш - чаранын максаты: студенттерди корей тилин үйрөнүүгө шыктандыруу.


Top